• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/ Коронавирус пандемиясынын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош облусунун аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнда КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан облустун Алай районунда 4500 чарчы метр, Араван районунда 1050 чарчы метр, Чоң-Алай районунда 3250 чарчы метр аянтка, тактап айтканда, азык-түлүк саткан дүкөндөргө, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлерине, балдар ойноочу аянтчаларга, дарыканаларга, банктарга, автоунаа жүрүүчү жолдорго жана башка эл көп барган жерлерге хлор аралашмасы чачылды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий