• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жалпы 63 санитардык-карантиндик пост орнотулган - комендант

Аймак 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 63 санитардык-карантиндик пост орнотулган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, куралдуу күчтөрдөн турган карантиндик блокпосттордун саны 21ди түзөт.

"Ошто 50 обсервацияда 548 адам дарыланууда", - дейт ал.

Комендант кошумчалагандай, Ошто түндө коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий