• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 1792 тонна цемент жеткирилди

Аймак 0

Бишкек,10.11.17./Кабар/. Ош облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 1792 тонна цемент жеткирилди,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

“Жарандарга жеңилдик кылуу максатында, 2017-жылдын 9-ноябрында Араван цемент заводунан КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 20 тонна цемент жүктөлүп Өзгөн районуна жеткирилген.

2017-жылдын 22-июнунан 8-ноябрына карата жалпы 1792 тонна цемент жеткирилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий