• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга курулуш материалдарын жеткирүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 19.10.17./Кабар/. Ош облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга курулуш материалдарын жеткирүү уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

“Жарандарга жеңилдик кылуу максатында 18-октябрда Араван цемент заводунан КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 15 тонна цемент жүктөлүп, жеткирилип берилди.

2017-жылдын 22-июнунан 18-октябрына чейин жалпысынан 1477 тонна цемент жеткирилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий