• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош облусунда жер титирөө болду

Аймак 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрь күнү саат 16:12де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Кара- Киндик айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта, Бар-Дөбө айылынан 38 чакырым чыгышта, Ош шаарынан 145 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Эркечтам, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий