• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 04:36да Таджикистан Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында - 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий