• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 17-октябрда саат 22:19да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер силкинүү Өзгөн районунун Чымбай, Макмал, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 баллга чейин, ал эми Кара-Дыйкан, Шералы, Куршаб, Ак-Жар, Мырза-Аки айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий