• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 19:13тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Мырза-Арык, Куршаб айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Правда айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий