• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 4-майда болжол менен 12:13тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Кыргызстан, Ничке-Сай, Чангет, Калта айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий