• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 15:52де Таджикистан Республикасынын аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий