• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-августта саат 09:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында 3,5 балл, Карамык айылында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий