• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 8-февралда болжол менен саат 9:33тө облустун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий