• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Ош облусунда бүгүн саат 03:13 чамасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Алай районунда орун алып, Кара-Киндик айылында- 4 баллга, Икизяк, Көк-Суу, Бор-Дөбө айылдарында - 3 баллга, Иркештамда - 2,5 баллга жеткен.
ӨКМ маалыматына ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий