• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Ош облусундагы Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу комиссия жана КР ӨКМнин райондук башчысы 2017-жылдын 3-майында саат 10:47 чамасында катталган жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында 4 топко бөлүнүп, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, турак-жайлар, бир катар социалдык объектилер текшерилип, жараксыз жана авариялык абалга келгендери аныкталган.

Жекенди айыл аймагы:

Карамык айылында 26 турак-жай изилденип, анын ичинен 24 турак-жай, 1 ФАП жана почтанын имараты авариялык абалга келген, андан сырткары жер титирөөнүн кесепетинен тоодон таштар кулап, 1 адамдын жайытта жүргөн 110 койун баскан, анын 15 койун адалдап, 95 койу арам өлгөн;

Шибе айылында 118 турак-жай изилденип, анын ичинен 9 турак-жай авариялык абалда;

Жекенди айылында 36 турак-жай изилденип, 15 үй 1 мектеп жана 1 ФАП авариялык абалда;

Чулук айылында 1 турак-жай изилденип авариялык абалда, 1 мектептен майда жаракалар пайда болгон;

Кара-Тейит айылында 100 турак-жай изилденип, 17 турак-жай авариялык абалда, ФАПтын имаратында майда жаракалар пайда болгон.

Жалпы Жекенди айыл аймагында 281 турак-жай изилденип, 66 турак-жай авариялык абалга келип, 215 турак-жайдан майда жаракалар пайда болгон, 6 социалдык объект изилденип, анын 4 авариялык абалга келген (2 ФАП, 1 почтанын имараты, 1 мектеп).

Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссия тактоо иштерин улантууда.

Жарандар өздөрүндө болгон чатырларын жана боз үйлөрүн турак-жайларынын жанына орноштурушууда.

Ошондой эле, КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу 2017-жылдын 3-майында 14:30 чамасында жер титирөө катталган аймакка тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгышып, саат 19:00 чамасында жетишти. 2017-жылдын 4-майында жер титирөөнүн кесепетерин тактоо иштерин жүргүзүшөт.

2017-жылдын 4-майында саат 01:15 чамасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов буйругу менен Ош шаарында жайгашкан бирдиктүү кампасынан 100 даана 5 орундуу чатыр КамАЗга жүктөлүп, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 19 куткаруучулар менен биргеликте жер титирөө катталган аймака жөнөтүлдү. Куткаруучулар жабыр тарткан турак-жайлардын жашоочуларына чатырлар тигип беришет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов, орун басары Равшан Рысбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Б. Юсупов, КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары өзгөчө кырдаал катталган жерге жеринен таанышып жана тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгып кеттишти.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалымат боюнча, 2017-жылдын 3-майында саат 10:47де Тажик Республикасынын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Пикир

Оставить комментарий