• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди, - деп кабарлайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 23-октябрь күнү болжол менен саат 14:16да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий