• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү 27-майда саат 19:24тө орун алган.

Жердин силкинүүсү Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында - 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында - 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында - 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий