• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Ош облусунда жер титиреди, - деп кабарлайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында катталып, бүгүн, 8-январда болжол менен саат 07:51де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий