• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.20./Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 30-сентябрда болжол менен саат 16:19да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Чоң Алай районундагы Ачык-Суу, Кабык айылдарында 2,5 баллга, ал эми Жайылма айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий