• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-май күнү саат 15:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий