• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда жол кырсыгынан 10 адам жабыркап, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 645-чакырымында Мерседес-Бенц Спринтер жана Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жабыркаган жарандарды жана Спринтер унаасынын айдоочусун унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жол кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканасына жалпы 10 киши түшкөн, (5 эркек, 1987-ж.т. Ж.Н., 1984-ж.т. Ш.С., 1988-ж.т. О.Б. жана Өзбекстан Республикасынын жарандары 1990-ж.т. Т.Ш., 1990-ж.т. П.Ж., 2 аял 1990-ж.т. М.С., 2003-ж.т. И.Д. жана 3 жаш балдар 2013-ж.т. Ш.М., 2016-ж.т. Ш.А., 2019-ж.т. Ш.А.).

Ошондой эле жол кырсыгынан 20 жаштагы жигит каза болгон.

Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий