• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Аймак 0

Ош, 21.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук патрулдук милиция кызматкерлери жана жол кырсыгынан каза болгондордун жакындары күн мурун коопту деп эсептелинген Ош-Бишкек унаан жолунун бир бөлүгүндө каза болгондорду эскеришти.

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жол кыймылы туура үч мүнөткө убактылуу токтотулган. Каза болгондорго Куран окулду.

Иш-чаранын алкагында айдоочуларга жолдо кантип жүрүү керектиги жазылган атайын буклеттер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий