• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда жыл башынан бери 37 ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Ош облусунда 2019-жылдын башынан бери 37 ишкана ачылып, 500 жумуш оруну түзүлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

"Араван районунда гиласты сактоо, сорттоо жана таңгактоо боюнча логистикалык борбор ачылган. Биз адатта продукцияны Россия менен Казакстанга сатабыз. Бул жылы Кытайга да экспорттолду. Ал борбордон дээрлик 1 миң тонна гилас экспорттолот. Анын 100 тоннасы Кытайга сатылды. Бул көрсөткүчтөрдү келерки жылы арттыруу пландалууда", - деди ал.

Мындан сырткары, Ош облусунан цемент жана башка курулуш материалдары, сары таш, пахта, айыл чарба азыктары, бал экспортко чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий