• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусундагы эпидкырдаал боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда, Ош облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облустук штабдын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана штабдын мүчөлөрү катышты.

Отурумда COVID-19 илдетин жайылтпоо, алдын-алуу, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана эмдөө боюнча маалыматтар айтылды. Ошондой эле облус аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Маалымат үчүн: бүгүнкү күндө Ош облусунда 69 бейтап кызыл зонада дарыланып жатат. Облус боюнча COVID-19 илдетин алдын алуу жана болтурбоо максатында 670 керебет даярдалса, резервде 1 миң 246 керебет бар. Аталган илдетке кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармек, медициналык жабдыктар жана дарыгерлер жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий