• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусундагы Прогресс айылында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Прогресс айылында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, ал борбордун аянты 450 чарчы метрди түзөт. Анда паспорт, айдоочулук күбөлүк алууга арыз таштоо ж.б. кызматтары көрсөтүлөт.

Анын ачылышы эртең, 11-декабрь күнү болуп өтөт.

Каттоо кызматынын билдиргени боюнча, ал борбор Өзгөн районундагы экинчи Калкты тейлөө борбору болууда. Буга чейин андай борбор Өзгөн шаарында 2017-жылы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий