• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусундагы тиричилик техникаларын чыгарган кыргыз-өзбек ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат

Президент 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кара-Суу районундагы Анжиян айылында кыргыз-өзбек биргелешкен «Артель электроникс» ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Анын ачылышы жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы декабрда Өзбекстан Республикасына болгон расмий сапарынынын алкагында жетишилген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бүгүн, 10-сентябрда, Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишканага барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Коммерциялык директор Орозбай Атажанов ишкана 2018-жылдан бери иштеп жатканын, тиричилик техникасын өндүрүү, анын ичинде кир жуучу машинаны чогултуу менен алектенерин маалымдады.

Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү мерчемделген.

Ишкана айына 900дөй кир жуучу машина өндүрөт, ар айдагы сатуу көлөмү 3 млн сомду түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган.

2022-жылы аталган ишканадан газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүү аркылуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, аларда чоң экспорттук потенциал бар, ал эми Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, аны менен продукцияларды бажы тоскоолдуктарысыз, алымдарысыз жеткирүүгө болот.

Эмгек жамааты менен болгон баарлашууда Президент ар бир кызматкер ишкананын өнүгүшүнө кызыкдар болушу керектигин белгиледи. Мамлекет башчысы корпоративдик башкаруунун япон стилин мисал келтирип, анда бардык кызматкерлер ишканага өздөрүнүн жеке мүлкүндөй мамиле жасашарын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттары, анда экспорттук дарамети бар ишканаларга чоң көңүл бурула тургандыгы тууралуу айтып берди.

Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн каржы институттарынын жеңилдетилген реусурстарынын чоң бөлүгү жер-жерлердеги ишкерлерди колдоого бурулган.

Пикир

Оставить комментарий