• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусундагы унаа жолдорунун 81 млн метр жери дезинфекцияланды - Сулайманов

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Ош облусундагы унаа жолдорунун 81 млн метр жери дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, облустун жети районунда бирдей дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Учурда облус боюнча имараттардын 5 млн 476 миң метрден ашык жери дезинфекцияланды. Ал эми имараттардын айланасынын 28 млн 700дөн ашык чарчы метр жери жана унаа жолдорунун 81 млн метр жери дезинфекциялоо ишинен өттү. Райондорго 5 тонна хлор бөлүштүрүп жатабыз", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий