• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусундагы жаш мугалимдерге жер тилкелери жана батир тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрь күнү Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин педогогикалык кеңешмеси болуп өттү.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада облус башчысы Зиядин Жамалдинов баяндама жасап, облустагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө биргеликте аракет кылуу керек экенин билдирди.

“Ош облусунда билим берүү боюнча көрсөткүч салыштырмалуу жакшы эмес. Биздин облустун окуучулары предметтик олимпиада, ЖРТларда алдынкы орундарга ээ болушу үчүн сиздер сапаттуу билим бериңиздер. А мен сиздерге жана билим берүү тармагына шарт түзүп берүүгө күчүмдү жумшайм. Ошондуктан баарыбыз биргеликте облустагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө аракет кылалы. ”,-деди Зиядин Жамалдинов

Ош облусунун башчысы жаш мугалимдерге акчалай сыйлык, жер тилкелерин жана батир алууга сертификат тапшырып, мындан ары жаш мугалимдерге да өзгөчө шарт түзүлөрүн билдирди.

“Мындан ары биз жаш мугалимдерди турак жай жана батир менен камсыз кылуу, аларга шарт түзүп берүү боюнча жумуштарды алып барабыз”, - деп кошумчалады Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоого кошкон салымы жана жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдер ардак грамота менен сыйланды. Ал эми жаш мугалимдер арасындагы өзгөчөлөнгөн мугалимдерге жана жаңы окуу жылына сапаттуу даярдалган билим берүү мекемелерине акчалай сыйлык, ЖРТда жогорку упай алган окуучулардын мугалимдерине 10 миң сомдон тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий