• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыркаган ветеринарларга акчалай жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы Ош облусуна караштуу Чоң–Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган үч ветеринарга 600 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылынын ар бир ветеринары 21-июнда жаңы үй курууга атайын 198340 сомдон алган.

Каражат Маветинспекция кызматкерлеринин бир күндүк айлык акыларынан жана башка ветеринарлардын жардамы менен чогулган.

Чогулган каражатты Мамветинспекциянын катчысы Бакыт Кутманов менен ветеринарлар палатасынын башчысы К. Маматкулов тапшырган.

Өз кезегинде ветеринарлар Мамветинспекциянын кызматкерлерине жана жардамга келген ветеринарларга ыраазычылык билдирип, үйлөрдү куруу иштерин ушул жылдын күз айларына чейин бүтүрүүнү убада кылышты.

Пикир

Оставить комментарий