• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош облусунун 2021-2026-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Ош облусунун 2021-2026-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы талкууланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, райондук администрация жетекчилеринин орун басарлары , айыл чарба жана туризм тармагындагы адистер катышты.

Иш-чарада жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл өкмөт жетекчилерине аймактарды өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгып, 15-майга чейин сунуштоо тапшырмасы берилди.

Аймактардан сунушталган долбоорлордун негизинде Ош облусунун 2021-2026-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стартегиясы кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий