• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош облусунун агрардык жана туризм тармагын өнүктүрүүгө 60 млн доллар бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Бүгүн Ош облусун жана Ош шаарын регионалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге КР вице-премьер-министри Равшан Сабиров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин, КР Энергетика, өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, Ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

"Ош облусунун аймагында өндүрүш, кайра иштетүү, курулуш боюнча ишканаларды ачып, ошол тажрыйбаны башка облустарга жайылтууну колго алабыз", - деп белгиледи Равшан Сабиров.

"Урматтуу жетекчилер сиздер сунуштаган тендер боюнча комиссияга дүйнөдөгү бараандуу компаниялар катышпайт, караганы убактысы жок. Тендер, социалдык мекемелерге жеткирүү үчүн ыңгайлуудур, бирок, өндүрүштүк, кен иштетүү көлөмдүү тармакта даяр сунуш менен олуттуу, репутациясы жакшы компанияларга өзүбүз чыгып сунуштап кызматташуу керек. Антпесе, аты , дареги жок ишканалар тендерден утуп, ишин аткарбай, жылдап соттошкон учурларды көрүп жүрөбүз", - деген оюн сунуштады Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов.

“Ош облусунун аймагында агробизнес тармагына Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынан 60 млн АКШ доллары ( 30 млн - агрардык тармакка, 30 млн - туризм) көлөмүндө каражат бөлүндү. Биз аны максаттуу пайдалануубуз керек. Анткени, Ош облусу азык-түлүк коопсуздугу боюнча кооптуу, 40-70% гана камсыз кыла алат. Ошондуктан, биз да Кокон - Ош - Букара багытында агро класстер түзүп жатабыз", - дейт “Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору" мекемесинин директору Беков.

Алар Ноокат районунда алманы Россияга , Араван районунда Кокон гиласти Кытайга экспорттоо үчүн борборлоштурулган логистикалык борбор ачуу долбоорун сунуштады. Заманбап фитосанитардык көзөмөлдөөнү ошол жерден бекитип, маркировка менен өзгөчө бажы аймагын уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн каражат бар, өкмөттүн колдоосу керек экендигин билдиришти.

Жарасул Абдураимов региондорду өнүктүрүү ар бир облуста өзүнчө эмес, алакада комплекстүү жүргүзүлүшү зарыл экендигин белгилеп, Таш-Көмүрдө кристалл чыгаруучу заводдун базасында тери иштетүү завод ачуунун зарылдыгы бар экендигин билдирди. “Анткени, ал жердеги тазалоочу механизм ошого ылайык. Ар бир районго кабыл алуу пункттарын ачуу менен сырьё топтолот. Бул Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун эмес, өкмөттүн улуттук программасы болуш керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий