• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош облусунун аймагында 7 миң погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июлда жалпы Ош облусу боюнча 9350 м² аянт, 7000 погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды.

Өзгөн районунун колдо чачуучу аппараты менен дүкөндөрдү жана мекеме-ишканаларды ж.б. эл көп чогулган жайларда жалпы 550 м² аянт жерге дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. 5 кг хлор сарпталды.

Кара-Кулжа районунун борборундагы эл көп барган жерлерде жалпы 3900 м² аянт жерлерде залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Хлор 8 л коротулду.

Ноокат районундагы Ноокат шаарынын Калинин, Солтобаев, Ош, Алимбаев, Жаны базар көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы мекеме-ишканаларда жана жөө жүрүүчү жолдордо 4900 м² жерде залалсыздандыруу жумуштары жүргүзүлдү.

Белгилей кестек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий