• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун аймагында абал туруктуу – милиция

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында абал туруктуу, кырдаал ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук-саясий кырдаалды татаалдаштырууга өбөлгө жок. Акыркы убакыттарда эл арасында короновирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүп бара жаткандыгына байланыштуу Ош облустук штабынын чечими менен Ош облусунун аймагында саат 09:00 дөн 21:00гө чейин жылып жүрүүчү санитардык посттор коюлган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдал министирлиги, санэпидстанция,медицина кызматкерлери Ош облусунун аймагында илдеттин массалык түрдө тарап кетишине жол бербөөгө жана элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин нормаларын сактоо менен өзөчө кырдал абалын камсыздоо үчүн жылып жүрүүчү постторго тартылды.

Кечээ, 26-октябрь күнү Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 кылмыш жана 5 жорук иши катталды. Алардын 17 си ачылды.

Пикир

Оставить комментарий