• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июль күнү, КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облустун аймагында залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, негизинен жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Жалпы Ош облусу боюнча 416 850 м², дезинфекцияланды.

Тактап айтканда, Араван районунун Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тарабынан райондун А.Анаров айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы Араван, Шадибий, Молдо-Жолдош, Үч-Бай, Беш-Карам, Ош-3000, Кара-Жантак, Ачы, Чарбак участкаларында жалпы: 384 000 м² аянт жер залалсыздандырылып, 114 кг хлор сарпталды.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы мекеме-ишканаларда, жөө жүрүүчү жолдордо жана азык-түлүк дүкөндөрүндө жалпы 4600 м² аянт жер залалсыздандырылып, 2 даана колдо чачуучу каражат менен 3 кызматкер тартылды.

Ноокат районунун эл көп топтолгон аймактар, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, Кыргыз почтасынын имараты колдо чачуучу аппарат менен 22 300 м² аянт жер залалсыздандырылды.

Кара-Кулжа районундагы эл көп келүүчү мекеме ишканалардын ички жана сырткы бөлмөлөрүндө кол каражаттары менен жалпысынан 4 100 м² аянт жер залалсыздандырылды.

Алай районундагы дүкөндөрүндө жана мекеме ишканаларында, эл коп чогулуучу жайларда жалпы 1300 м² аянт жер залалсыздандырылып, 2 кг хлор сарпталды.

Өзгөн районунда колдо чачуучу аппарат менен дүкөндөрдө жана мекеме ишканаларда, эл көп чогулган жайларда жалпы 550 м² аянт жер залалсыздандырылып 5 кг хлор сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий