• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 31-май күнү Ош облусунун аймагында 800 чарчы метр имараттын ичи, 46 500 чарчы метр имараттын сырты жана 4300 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 40 кг хлор, 35 литр суюк хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий