• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун аймагында этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында турган мекеме этти кайра иштетүүчү ири ишкана катары ачылат.

Мындан сырткары, долбоордо бул аймакта консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган.

"Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Бул ишкана айыл өкмөтүнүн балансында гана болот, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй жаран жумуш менен камсыз болору болжолдонгон. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда имараттын экологиялык бүтүмдөрүдаярдалууда.

"Биз 70-жылдардагы Кыргызстандын эти деген брендди кайтарабыз. Кезинде РФда биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо-талап менен алынып турган. Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбапмал союучу ишканалар курулуп жатат. Ошолордун сырьесу бул жерде даяр продукция катары экспортко чыгарылат", - деп билдирген Жарасул Абдураимов тийиштүү тармак жетекчилеринин катышуусунда жеринде өткөн жыйында.

Пикир

Оставить комментарий