• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө, 23-январда, жер титирөө саат 15:48де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Ак–Босого, Кызыл-Алай айылдарында 3 балл, Арча – Булак, Кичи – Алай айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий