• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 2-сентябрга чейин Ош облусунун аймагында 6 млн 529 709 м2 имараттын ичи, 31 655 310 м2 имараттын сырты жана 13 015 123 миң погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 32 563 кг хлор, 20 017 литр суюк хлор жана 2828 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана унаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий