• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрга чейин Ош облусунун аймагында 6 млн 528 109 м2 имараттын ичи, 31 млн 652 410 миң м2 имараттын сырты жана 13 млн 15 миң 123 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 32 557 кг хлор, 20 017 литр суюк хлор жана 2828 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Залалсыздандыруу иштери, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий