• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Кечээ, 26-майда Кара-Суу, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа райондорунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барып , айыл жашоочуларынын арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, балдарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын көрүү, акыркы коңгуроого байланыштуу салтанаттуу кечелерге чектөө киргизүү, жаратылыш койнунда эс алуу учурларында коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле КРнын президентинин 2022-жылыдын 24-февраль күнү кабыл алынган "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө" жарлыгынын талаптарын аткаруу боюнча жергиликтүү тургундарга маалыматтар берилди.

Бул жагдайда жарандардын суроолоруна жооп берүү менен биргеликте жер -жерлерде элдердин арыз-даттануулары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий