• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош облусунун аймагында машыгуу залдарынын, бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилген эмес

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында машыгуу залдарынын, бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилген эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында карантиндик кырдаалга байланыштуу, райондордогу коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинин чечими менен ачык жана жабык футбол аянттары, фитнес, спорт клубдар, бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилген эмес.

"Анткени, учурда чартердик каттамдар аркылуу келген жарандар үй карантинде. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да үй көзөмөлүндө. Ошондуктан кыймыл менен байланышты чектөө максатка ылайыктуу. Акимдердин айтуусу боюнча, 2020-жылдын 1-июнунан тартып штабдын кеңешмесинде аталган объектилерди ачуу маселеси каралат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий