• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 05:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жийде, Жыланды, Калта жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чангет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий