• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун аймагында өрт кырсыктарынын саны 28,9%га азайган

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде Ош облусунун аймагында 150 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 28,9%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 27,4%;
  • Мештерди жана морлорду колдонуу эрежелердин бузулушунан - 21,6%;
  • Отко этиятсыздык мамиле кылуудан - 7,2%;
  • Балдардын от менен ойноосунан - 5,4%.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Кара-Суу району - 48;
  • Өзгөн району - 35;
  • Ноокат району - 19;
  • Араван району - 21;
  • Кара-Кулжа району - 11;
  • Алай району - 10;
  • Чон-Алай районунда - 6 өрт кырсыгы катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла.

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана материалдык чыгымдардын алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий