• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында “Тилемчилик” рейди өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-19-20-август күндөрү Ош облусунун аймагында “Тилемчилик” рейди өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин максаты облустун аймагындагы жашы жете электер арасында кароосуз калган, селсаяктык жана кайырчылык кылгандарды аныктоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында соода түйүндөрүндө, жер астындагы өкмөктөрдү, базарларды жана башка ушундай сыяктуу соода түйүндөрүн жергиликтүү органдардын, социалдык адистердин жана билим берүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте тыкыр текшерилип, тилемчилик кылган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

"Жүргүзүлүп жаткан иш-чара учурундагы аныкталган, тилемчилик кылып жүргөн жашы жете электердин тийиштүү документтерин тактоо үчүн Ош ОИИБдин КККнын жашы жете электердин укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий