• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында туристтердин коопсуздугу көзөмөлдөнөт

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында туристтердин коопсуздугу көзөмөлдөнөт, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик взводунун кызматкерлери тарабынан жайкы туристтик сезонго байланыштуу чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындай иш-чаралар Ноокат районунун Сахаба, Абшыр-Ата, Кара-Суу районунун Тураталы базарынын аймагында жана Чыйырчык жайлоосунда жана башка эс алуучу жайлар жайгашкан аймактарда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий