• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери күчөтүлдү - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан дезинфекциялоо иштери улантылууда.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-июнь күнү Кара-Суу базарында, Ленин көчөсүндө жайгашкан мекеме-ишканалдардын айланасында атап айтканда, паспорт, виза алуучу жерлер, эл каттоо бөлүмү, Кыргыз почтасы жана эл көп топтолгон жайларда дезинфекция иштери өрт өчүрүүчү автоунаа менен жүргүзүлдү.

Жалпы Кара-Суу району боюнча 4000 погондук метр жолдор, 900 чарчы метр аянт дезинфекцияланды.

Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан ашкана, дарыкана, дүкөн жана эл көп чогулган жайларга жалпы 3500 чарчы метр аянтка хлор аралашмасы чачылды.

Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылынын борбордук базары жана көчөлөрүнүн 6250 погондук метр жолуна хлор аралашмасы чачылды.

Ал эми, Ноокат районунун Ноокат шаарынын Соотобаев, Ош, Калинин көчөлөрүн жалпы 64 000 чарчы метр жолдору жана 4200 чарчы метр тротуарларында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймагында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий