• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз уланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөр тарабынан, бүгүнкү күндөгү коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында, 2020-жылдын 22-май күнү залалсыздандыруу иш-чаралары улантылууда.

Учурда Алай, Чон-Алай, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа жана Араван райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тарабынан колдо чачуучу каражаттар жана өрт өчүрүүчү автоунаалар менен, райондордогу айыл аймактарда жана борбордук унаа жолдордо, анда жайгашкан банк, дарыкана, мекеме-ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери менен бирге үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын №12, 13, 29, 85, 109 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү тарабынан шаардагы Тешик-Таш жер-жемиш дүң базары, "Здоровье Плюс" медициналык борбору, турак үйлөрдүн кире бериш дарбазалары, тротуарлар, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, жер төлөөсүндөгү унаа коюучу жайлар, балдар ойноочу аянтчалар, 8 азык-түлүк сатуучу дүкөн, 6 дарыкана, Озгур мечити, Суу тазалоочу ишканасы, С.Алымкул уулу атындагы мектеп, аялдамалар жана башка эл көп барган жерлер дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, бул иш-аракеттер республиканын бардык аймагында ӨКМ тарабынан уланууда.

Пикир

Оставить комментарий