• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Ош облусунун адамдар көп барган аймактарында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук кичи базарына, тез тамактануучу жайларга, ашканаларга, дүкөндөргө, дарыканаларга хлор аралашмасы чачылды. Жалпы 4000 чарчы метр аянт жер дезинфекцияланды.

Ал эми Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы Архитектура, Салык, Мамкаттоо кызматтарынын имараттарында, автобекет, борбордук базарда залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Жалпы 1 200 чарчы метр имараттын ичи, 10 800 чарчы метр сырткы жер аянттары залалсыздандырылды.

"Ошондой эле, райондук деңгээлдеги шаарлардын ички чарбалык жолдорунда, анда жайгашкан банк, дарыкана, мекеме-ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери менен бирге, үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий