• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында жарандардан Баткенге гуманитардык жардам кабыл алынууда

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жарандардан Баткенге гуманитардык жардам кабыл алынууда, - деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү.

Маалыматка ылайык, облустагы баардык район борборлорунда (администрация) боз үйлөр тигилип, жарандардан келген жардамдарды кабыл алууда. Аймактагы тургундар тарабынан чогултулган гумжардам маал-маалы менен Баткен облусуна жиберилип жатат.

Эске салсак, буга чейин Ош облусу жана райондорунан Баткенге 60 тонна же 3 миллион сомдук гуманитардык жардам жиберилген. Анын жарымы облустагы ишкерлерден жана тургундардан чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий