• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун аймагында жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында планга киргизилген жалпы 100 объект болсо, анын ичинен 81 объект ӨКМ, 19 объект жергиликтүү бийлик тарабынан аткарууга алынган. Андан сырткары 8 объект мерчемге кошумча киргизилген. Бүгүнкү күндө 30 объектиде жумуш аяктап, 19 объектиде жумуш жүрүүдө. 4 объект убактылуу токтоп турат. 55 обьектиде башталуу алдында турат.

Жалпы облус боюнча ӨКМ тарабынан жергиликтүү бийликке 1620 даана габион торчолору жана 9233л күйүүчү май бөлүнүп берилип, иштетилүүдө.

Кара-Суу районунун Чайчи айылындагы 4500 метр таза жана сугат суу менен камсыз кылуучу каналынын 2500 метр аралыгы чаап тазаланып, жумуш улантылууда. Шарк айыл аймагынын Топ-Терек айылында Машрапсай сайдын оң жээгинин дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы Жазы дарыясынын жээгине суу тосмо куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий