• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 3-декабрда болжол менен саат 16:03тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий